ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу шаар тургундары!

Сиздерди кыргыз туусунун жана ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Ата бабаларыбыз миң жылдап кыргыз элинин эгемендүүлүгүн эңсеп, жанын аябай, канын төгүп келген эгемендүүлүккө жеттик. Ал эми эркин мамлекеттин символдору, белгилери болот. Бүгүн, Кыргыз мамлекетин, элин, жерин чагылдырган кыргыз туусунун жана ак калпагынынын күнү белгиленип жатат.

Бул белгилер өлкөбүздүн жана андагы жашаган элдердин өнүгүүгө, келечекке болгон умтулуусун, биримдигин айкындап турат. Келечек муундун бактылуу жашоосуна багыт берип турган ак калпагы, кыргыз туусу элибиздин эртеңки жаркын турмушуна болгон чакырыктай мааниге ээ.

Урматтуу шаардыктар!

Ар дайым Желек желбиреп, Кыргыз туусу бийик болсун, ак калпак башыбыздан түшпөсүн. Кыргыз элибизге бекем ден соолук, үйбүлөңүздөргө бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.

Рахмат.