ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жазды тосууда

Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” жана “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканалары калаанын санитардык тазалыгы жана жашылдандыруу иштери боюнча иш алып барууда.

“Тазалык” МИ  арыктарды кум, баткактардан арылтып, көк майдандарды жана жолдун жээктерин таштандыдан тазалоодо.


“Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы дренаждык тармактарды тазалоо үчүн айкалыштырылган түтүк жуучу КО-560 унаасын колдонууда
Ошондой эле, “Жашылдандыруу”  МИ куураган бак-дарактарды кыйуу иштерин  аяктады. Жакынкы аралыкта жолдун жээгине көчөттөр отургузулат. Көчөттөр Бөкөнбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн жээктерине ошондой эле, калаанын бардык аймагына бак-дарактардын жетишпеген жерине липа, эмен, клен жана ясень көчөттөрү отургузулат. Азыркы учурда сейил бактарды, бульварларды былтыркы жалбырактардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.


Эскерте кетсек, “Тазалык” МИ  үстүбүздөгү жылдын 23-февралында көчөлөрдү жууп баштаган. Бүгүнкү күндө көчөлөрдү жуу үчүн 16 бирдик техника чыгууда.