ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаадагы аудитордук компания шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги рейддинде Москва көчөсү, №39 дарегинде жайгашкан  “Тандем” аудитордук компаниясынын куруучулары курулуш таштандыларын башаламан таштап, ошондой эле, көк майданга кум чогултуп, шаарды көрктөндүрүүдө санитардык нормаларды жана эрежелерди сактабагандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери “Тандем” аудитордук компаниясынын директору И.Саламатовдун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кийинки  кароосуна жиберилди.