Калаадагы аудитордук компания шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузууда
- Подробности
- Опубликовано 04.03.2015 11:41
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги рейддинде Москва көчөсү, №39 дарегинде жайгашкан “Тандем” аудитордук компаниясынын куруучулары курулуш таштандыларын башаламан таштап, ошондой эле, көк майданга кум чогултуп, шаарды көрктөндүрүүдө санитардык нормаларды жана эрежелерди сактабагандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери “Тандем” аудитордук компаниясынын директору И.Саламатовдун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кийинки кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
09.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |