ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Көк-Сай” көчөсүндөгү мыйзамсыз орнотулган темир тосмону алынып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаментинин кезектеги текшерүүсүндө Көк-Сай көчөсү №65 дарегинин тургундары өз каалоосу менен жер тилкесин кеңейтип, мыйзамсыз темир тосмо орнотуп алган.

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамын бузгандыгы үчүн үй ээси Г.Слабунга  02.12.2014-жылдын №0862 “Эреже бузууларды четтетүү жөнүндө” эскертүүсү берилген. Жеке турак-жай куруу департаментинин эскертүү талабын аткарууда аталган үйдүн ээси 3,0Х9,0 метр өлчөмдөгү тосмо өз ыктыяры менен алынып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.