ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда кызылча оорусун алдына алуу талкууланды

Биринчи май райондук администрациясынын жыйын залында жалпы билим берүү мектептеринде жана мектепке чейинки мекемелерде кызылча оорусун алдын алуу көйгөйү талкууланды.

Жыйынга мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана медициналык мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жыйынтыгында район башчысы Аскербек Алиев мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине кызылча оорусуна каршы эмдөөдөн өтпөгөн окуучуларды анализден өткөрүү,  ошондой эле, вирустук ооруну таратууга жол бербөө боюнча даярдык иштерин өткөрүү  тапшырмасы берилди.