ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаңы жылдык иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 29-декабрда Майып балдар Ата-эенелери Ассоциациясынын имаратында балдарга арналган жаңы жылдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга муниципалитет жана Бишкек шаарынын мэриясына караштуу бизнес-коомдоштуктун координациялык кеңеши тарабынан жаңы жылдык белектер тапшырылды.
Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүу башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаев жана координациялык кеңешинин өкүлдөрү катышты.
“Урматтуу ата-энелер жана балдар! Сиздерди жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, чыдамкайлуулук жана бакубат жашоо каалайм. Шаардык бийлик сиздерди унутпайт жана жардамын берет”,-деп белгиледи башкармалыктын башчысы Замирбек Абылаев.
Балдарга 200 белек берилди.