Баш калаада Бишкек шаарынын мэринин балаты майрамы өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 26.12.2014 15:55
Бүгүн, декабрда А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында балдар үчүн Бишкек шаарынын мэринин балаты майрамы өткөрүлдү.
Жаңы жылдык иш-чарага колдоого муктаж, көп балалуу үй-бүлөлөрдөн, окуунун алдыңкыларынан, олимпиада жана конкурстардын жеңүүчүлөрүнөн 1500 бала катышты.
Майрамдык иш-чараны Аяз ата ачып, куттуктап, сөздү вице-мэр Айгүл Рыскуловага берди.
“Жаңы жылыңар менен биздин сүйүктүү балдар! Сиздер жыл бою жакшы окуп, ата-энеңерди уктуңар, азаматсыңар! Дайым сиздердин жүзүңөрдөн күлкү кетпесин! Жаңы жылдан бекем ден соолук, бактылуу балалык жана ийгиликтерди каалайм!”- куттуктады Бишкек шаарынын вице-мэри.
Балдарга “Таберик” музыкалык балдар театрынан “Сыйкырдуу падышалык” спектакли тартууланып, жаңы жылдык оюн-зооктун аягында балдарга белектер таратылды.
Иш-чараны уюштурууга шаардык бюджеттин эсебинен 2 млн.сом коротулду.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
22.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |