ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа мэриясы балдарды жаңы жылы менен куттуктады

Бишкек шаарынын мэриясы колдоого муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген жалпы 14,9 миң баланы жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдарына, жарым жетим, жетим балдарга, афган, баткен жана апрель окуяларынын катышуучуларынын балдарына жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер тапшырылды.
Азыркы учурда 10  адистештирилген бала бакчага, үч көмөкчү мектепке, кароосуз калган балдар борбору жана баш калкалаар жайларга, ден соолугунун  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер тапшырылды.
Белектерди калаа башчысынын атынан райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыктары Аяз ата, Аяз кыздын коштоосунда балдарга тапшырып, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.
Жеткирүү үчүн транспорттор жаңы жылдык куттуктоолор жана сүрөттөр менен кооздолду.