ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада жаш өспүрүмдөрдүн динге берилүүсү талкууланды

Бишкек шаарында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Бишкек шаарынын Казыяты жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгыг менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн динге берилүүсү жана анын кесепеттеринен келип чыккан көйгөлүү маселелер талкууланды.

Иш-чара Бишкек шаарык мэриясынын Социалдык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынан Ж.Абирова, Бишкек шаарынын мэриясынын билим беруу башкармалыгынан Ж. Момункулов, Казыяттын билим берүү адиси Шамшидин Маматкулов,  КМДБ окуу бөлүмүнүн адиси Жакшылык Борочоров, Свердлов акимиатынын жетектөөчү адиси Зулумбек Эгембердиев, Свердлов районунун ИИБ 10-бөлүмүнүн адиси Алмаз Калмамбетов, Свердлов районунун №11 орто мектебинин тарбия завучу Бурул Жапанова, ИИБнын жаш өспүрүмдөр инспекциясынын адиси М. Курманбаев, Кыргыз Республикасынын Дин иштер боюнча укукту камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адиси Жаныбек Ботоев, Бишкек шаарынын казысынын орун басары Алмамбет Суеркулов жана Бишкек шаарынын СЭИ кызматкерлери катышты.

Аталган  жыйында мектеп окуучуларынын жума намазга шылтоолоп,  сабактарды калтыруусу алардын диний түшүнүгү, кыздардын хиджап кийүүсү, ошондой эле, динге берилгендердин эмдөөгө каршылыгы акыркы учурда балдардын көп сыркоолошунун кескин жогорулашы жана Бишкек шаарында мечиттердин кескин көбөйүшү боюнча талкуулоолор жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан калк арасында тагыраак айтканда жаны конуштардын жашоочулары жана мектеп курагындагы жаш өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы баяндалды.

Бишкек шаарынын мэриясы Казыят менен тыгыз байлашышта иштеп жашы жете элек жаш өспүрүмдөрдүн сабак учурунда жума намазга баруу маселесин карап чыгуу боюнча 2 тараптуу келишим түзүүгө макулдашкандыгын билдиришти.

Анткени өспүрүмдөр жума намазды шылтоолоп, мектеп программасын өздөштүрбөй, тескерисинче жашы жете элек балдардын арасында кылмыштуулук көбөйүп жаткандыгын ИИБ жаш өспүрүмдөр инспекциясы тарабынан да белгиленип кетти.

Жаш өспүрүмдөргө өзгөчө маани берүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы жана Казыят 2015-жылдан тартып Бишкек шаарынын имамдары менен биргеликте жогорудагы маселе боюнча ши-чараларды өткөрүү боюнча иш-планын иштеп чыгууга макулдашылды.