ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Коомдук транспорттор жаңы жылдык маанай тартуулайт

Коомдук транспорттордун айдоочулары шаар тургундарына жаңы жылдык маанай тартуулоо үчүн өздөрүнүн автобус жана троллейбустарын кооздодо.

Айрым троллейбустар жаңы жылдык балаты дагы орнотуп алышкан. Кооздоо үчүн 4 миңден 6 миң сомго чейин каражат кетип, баардык жасалгоолорду айдоочулар өздөрү каржылаган.
“Троллейбусту төрт жылдан бери кооздоп келем. Жаңы жылдык атрибуттарды жаңылап, жаңысын сатып алабыз. Жүргүнчүлөргө мындай маанай абдан жагат. Биз алардын маанайларынын көтөрүлгөнүн көрүп турабыз.   Жүргүнчүлөрдүн ыраазычылык билдирүүсү бизге эки эсе жагымдуу маанайды тартуулайт”, деп билдирет №8 троллейбустун айдоочусу Кызылгүл Жанузакова.
 Троллейбус башкармалыгында мыкты жаңы жылдык жасалгалоо конкурсу жарыяланып, баш байгеге 8 миң сом өлчөмдөгү байге коюлган.
“Эртең менен аялдамаларда адамдардын маанайы түшүп турганын көрөсүздөр. Качан алар транспортко киргенде маанайлары көтөрүлүп, чыгып жатканда кутман таң үчүн ыраазычылык билдиришет”,- деп белгиледи №7 троллейбустун айдоочусу Жаныбек уулу Фархад.
Маршуттук таксилер да автобус жана троллейбустардан арта калбай кооздоп баштады.
“Мен жаңы эле кооздоп баштадым. Азырынча тышын кооздодум, салондук акырындык менен кооздойм”, -дейт №170 маршуттук таксинин айдоочусу Эмиль Сейитказиев.
Маршуттук таксилерди жасалгалоо үчүн 500 сомдон 1000 сомго чейин каражат сарпталат.

Ал эми, №113 маршуттук такси өзгөчө көңүл бурдурду. Башка айдоочулардан айырмаланып унаасын кооздоо менен өзү дагы Аяз атанын кийимин кийип, жүргүнчүлөргө жагымдуу маанай тартуулоодо.