ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын №69 мектеп-гимназиясына жаңы камералар орнотулду

№69 мектеп-гимназиясына жаңы көзөмөлдөө камераларынын көрсөтүү өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө  мектептин аймагын каматыган 6 камера орнотулду.

Орнотулган видеокөзөмөлдөөлөр балдардын коопсуздугун сактоону жогорулатып, эреже бузууларды азайтат. Видеокамералар туруп, бирок  өчүп турса дагы уруулукка, тентектик кылгандарга тоскоол болот.
"Видеокамералар окуучулар арасында кылмыштуулукту, мисалы, кийим илүүчү жайдагы уурулукту, мектептин айланасындагы "разборкаларды" азайтат. Видеобайкоо менен мектептин арт жагын да көрүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү жакшы. Өзгөчө ашканага камера коюлганы жакшы болду, анткени окуучуларга кандай тамак берилип жатканын байкап турууга жол ачылды",- деди вице-мэр Айгүл Рыскулова.
Мындан 3 жыл мурун мектептин имаратына бир нече камералар орнотулган, бирок алар имаратты толук камтыганга жетишчү эмес. Ошондой эле, видеокөзөмөлдөө камералары мектептин имаратынын ичине, кийим чечүүчү бөлмөгө, дааратканага жана фойеге орнотулду.
Мектептин директору мындан ары имараттын ичин да, сыртын да толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, деп белгиледи.
Камералар кытайлык компаниянын эсебинен кайтарымсыз негизде орнотулду. Ошондой эле, жакынкы учурда дагы бир нече видео байкоо жүргүзүү камераларды орнотуу пландалууда.