ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Батл Хол” интернет-клубунун кызматкерлери шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузган

Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан шаардын санитардык абалы текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө Байтик-Баатыр көчөсү, №43/1 дарегинде жайгашкан “Батл Хол” интернет-клубунун кызматкерлери тарабынан кургак тиричилик таштандылары башаламан чогулуп, санитардык нормалар жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү  эрежелер көзөмөлдөнгөн эмес.

Жыйынтыгында, Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан “Батл Хол” интернет-клубунун администратору  Казакбаев Э. атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик  комиссиясынын кароосуна жиберилди.