ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Жаңы жылды тосууга даярдыктар башталды

Калаада Жаңы жылды тосууга даярдыктар башталып, шаарды жасалгалоо жана майрамдык иш-чараларды уюштуруу боюнча штаб түзүлүп, иштеп жатат.
“Бишкексвет” муниципиалдык ишканасынын маалыматы боюнча, азыркы учурда Чүй проспектиндеги бактарды жасалгалоо иштери жүрүүдө. Кийинки кезекте батыш тараптагы “Илбирс” ЖЧК жана “Агроном Холдинг” ЖЧК жасалгалоо пландалууда.
Ал эми борбордук аянтка жаңы жылдык балатыны орнотуу, жасалгалоо иштери 10-декабрда башталат. Ошондой эле, Бишкек мэриясынын имаратынын алдына жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет теартынын алдына балаты орнотуу пландалууда.
“Ошондой эле шаардагы райондор арасында “Мыкты жасалга” сынагы жарыяланды.