ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада “Жай мезгилинин жашыл болуусу үчүн” акциясы өткөрүлдү

“Жашылдандыруу” муниципиалдык мекемеси “Фермер” дыйканчылык чарбасы жана фермерлер Ассоциациясы менен биргеликте “Жай мезгилинин  жашыл болуусу үчүн” акциясын өткөрүлдү.

“Жашылдандыруу” муниципиалдык ишканасы шаардын көчөлөрүнө көп жылдык көчөттөрдү отургузат. Бирок, тилекке каршы, көчөттөрдүн тамыр алышында көйгөйлөр жаралып келет.

“Фермер” дыйканчылык чарбасы жана фермерлер Ассоциациясы “Жашылдандыруу” муниципиалдык ишканасына щаарды жашылдандыруу боюнча бирге иш алып барууга жана жогорку сапаттагы, таза, экологиялык, тамак-аш калдыктарынан өндүрүлгөн  “Надежда” жер семирткичин колдонууну сунуштады.

Жер семирткич өндүрүүчүлөрүнүн айтуусунда айыл чарба өсүмдүктөрүнө пайдалануунун натыйжалары боюнча жетишээрлик сыноо тажрыйбалары жүргүзүлүп, өсүмдүктөргө жүргүзүлгөн тажрыйбалар түшүмдүүлүктүн кескин өскөнүн, же болбосо эң аз дегенде 2-3 эсеге чейин өскөнүн көрсөткөн. Бул үчүн тамак-аш калдыктары жана биогаз орнотуу керектелет.

Жер семирткичти текшерүү максатында  “Шаар жашылдана берсин” акциясы өткөрүлдү.

“Фермер” дыйканчылык чарбасы жана фермерлер Ассоциациясы акциясынын алкагында 250литр жер семирткич “Жашылдандыруу” МИна  берилип, жер семирткичтер сууга кошулуп көчөттөргө куюлду.

“Жер семирткичтерди колдонгондон кийин топурактын курамы жана түзүлүшү жакшырат деген ишеничтемин”,-дейт “Жашылдандыруу” МИ башчысы Анвар Атантаев.

Ал эми, “Надежда” жер семирткичинин эффективдүүлүгүн 2015-жылдын жазында гана биле алабыз.