ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү

“Сейтек” балдар чыгармачылык борборунда Биринчи май райондук администрациясы Райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын катоосунда турган 630 майыпка атайы иш-чара өткөрдү.

Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк  майыптар күнүнүн алкагында уюштурулуду.

Чакырылган конокторго эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт көрсөтүлүп, материалдык жардам берилди.

Райондук администрация Интернат-үйүнүн убактылуу жашоочуларына, республикалык азиздер жана дүлөйлөр мектеп-интернатына, “Оберег” калыбына келтирүү борборуна жана “Үмүт-Надежда” балдар калыбына келтирүү борборуна материалдык жардамдарды көрсөтүлдү.

Иш-чарага 541,200 сом бөлүнүп, райондук бюджеттин эсебинен каралды.

Белгилей кетсек, 26-ноябрдан 26-декабрга чейин Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө арналган бир айлык өткөрүлүүдө.

Ошондой эле, райондун муниципиалдык аймактык башкармалыктарында атайы иш-чаралар өткөрүлүп, кайрымдуулук түшкү тамактары жана белектер таратылууда.