ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясы майып адамдарга жардам көрсөттү

Свердлов райондук администрациясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга  жардам көрсөттү.

№124 жана 48 майып балдар коомдук бирикмесине, шаардык калыбына келтирүү борбору, №21 адистештирилген мектеп-интернаты, угуусу жана көрүүсүнөн жабыр балдарга, шаардык кургак учукка каршы ооруканасы, дүлөй балдар үчүн атайы билим берүүчү мектеп-интернаты жана №30 көмөкчү орто мектебине жардамдар көрсөтүлдү.

Район башчысы Алтынай Омурбекова шейшеп, жаздык, жууркан, музыкалык борбор, 3 майып арабасы, сыналгы тапшырып, №124 майып балдар коомдук бирикмесине райондук администрациясы “Швед стенкасын” орнотуп берди.

Аталган акция Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө арналган “Биз биргебиз” бир айлыгынын  алкагында өткөрүлдү.

Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга Жергиликтүү аймактык башкармалыктар, райондук кызматтардын жетекчилери жана башкалар жардам көрсөтүштү.