ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Нөл максатын көздөй!” аталышта акция өткөрүлүүдө

“Нөл максатын көздөй! Басмырлоо нөл! СПИДди иликтөөдө өлүм нөл!” урааны менен Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күнү белгиленүүдө.

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин буйругуна ылайык калаанын профилактикалык дарылоо уюмдарында 1-ноябрдан 1-декабрга чейин ВИЧ/СПИД алдын-алуунун  бир айлыгы болуп өттү.

Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрда АЮЛ “ВЖА бирикмеси”, СПИД республикалык борбору менен биргеликте ЮНЭЙДСколдоосу менен акция өткөрүлүүдө.

Ошондой эле, бир айлыктын алкагында Саламаттыкты сактоо департаменти СПИДге каршы күрөшүү жана профилактикалык борбору менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күнүнө арналган бир нече иш-чаралар уюштурду.

Ж.Баласагын атындагы КУУ, №5 шаардык кесипттик лицеи, Фининсы-экономикалык техникумда, Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясында ВИЧ инфекциясы тууралуу маалыматтар берилип, маалыматтык-билим берүү материалдар таратылды.

Калаанын профилактикалык дарылоо уюмдары Саламаттыкты бекемдөө борбору жана СПИДге каршы күрөшүү жана профилактикалык борбору менен биргеликте шаардын китепканаларында “ВИЧ-инфекциясын алдын-алуу ” аталышта көргөзмө уюштурулду.

ВИЧ инфекциясын алдын-алуу тууралуу баардык медициналык борборлордо маалыматтар берилип, 34622 көчүрмө маалыматтык-билим берүү материалдары таратылды.