ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын тургундары арасында дин багытындагы маселелер талкууланды

Бүгүн, 27-ноябрда Чүй университетинин мугалимдер, студенттери жана ошол аймактын жашоочулары менен тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чара 2014-жылдын 3-февралындагы Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө чечимин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын иш жүзүнө ашыруу максатында өткөрүлдү. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы жана ички иштер башкармалыгы менен биргеликте шаардын калкынынарасында дин багытындагымаселелер, бир катар эскертүү жана ыкчам алдын-алуу иш-чаралар планын аткаруу талкууланды.

Аталган иш-чарага Свердлов райондук администрациясынын бөлүм башчысы Р.Сарымсаков, Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетектөөчү адиси Э.Райымбеков,Бишкек шаарынынказыятынын өкүлдөрү У.Султанов, Ш.Маматкулов, райондук ичкииштер башкармалыгынын 10 бөлүмүнүн оперативдик кызматкери А.Кытатбеков жана аталган окуу жайдын ректору К.Жумабаев катышты.

Тегерек стол суроо-жооптор менен коштолуп, ар бир келген катышуучулар өздөрүнүн тейлеген тармагы боюнча баяндама беришти.