ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жер титирөөдө жабыр тарткандарга гуманитардык жардамдар жеткирилди

Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрда калаанын эски аянтында Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыркаган тургандарга гуманитардык жардамдарды жиберүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Бишкек шаарынан берилген гумжардамды вице-мэр Айгүл Рыскулова өткөрүп берди.  Өз сөзүндө калаа башчысы жер титирөөдөн жабыркагандарга материалдык жардамдан тышкары моралдык жардам берүү дагы маанилүү экендигин баса белгиледи.

“Бүгүнкү биздин кылып жаткан ишибиз менен кыргыз элинин башын кошкубуз келет. Алыс жайгашкан жер болсо дагы, келип сиздерге колдоо сөздөрүн айтуу. Ошондой эле, Бишкек шаарынын ар бир тургуну жардам берүүдө салымы бар”,-деп белигиледи вице-мэр.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрнан 25-ноябрна калаанын төрт  райондук администрацияларынын имараттарында гуманитардык жардамдарды чогултуу пунктары ачылган.

Бишкек мэриясынын атынан жалпысынан  32 тонна көлөмдүү 4 унаа жөнөтүлдү.  Бир унаа азык-түлүктөр жана жылуу кийимдер, калган унааларда  цемент, пенопласт, жыгач тактайлар алынды.

Бишкекте жүктөрдү узатуу иш-чарасына Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты.

Ысык-Көлдөгү  жер титирөөдөн жабыркагандарга жалпы гуманитардык жардам 669миң.414 сомду түздү.