ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу пунктары иштөөдө

Свердлов райондук администрациясы төмөнкү даректерде биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштери жүрүп жатканын эскертет.

1. Чүй проспектиси №96 “Бишкекпочтасы” ММ имараты. Иштөө убактысы: саат 9.00 дон 18.00го чейин дүйшөмбүдөн жума күндөрүнө чейин.
2. Москва көчөсү, №54 дарегинде жайгашкан №11 орто мектебинде. Иштөө убактысы: 9.00 дон 18.00го чейин шейшембиден ишемби күндөрүнө чейин.
3. Чүй проспектиси менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Туризм академиясынын имараты. Иштөө убактысы: 9.00 дон 18.00го чейин шейшембиден ишемби күндөрүнө чейин.
4. “Аламедин – 1” кичирайонунда жайгашкан №1 орто мектеби. Иштөө убактысы: 9.00 дон 18.00го чейин шейшембиден ишемби күндөрүнө чейин.
5. Чүй проспектиси жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кыска мөөнөттө дакументештирүү бөлүмүнүн имараты. Иштөө убактысы: саат 9.00 дон 18.00го чейин дүйшөмбүдөн жума күндөрүнө чейин.
6. ЖЭБ имараты. ЖЭБ кызматкерлери үчүн эки стационардык пункт биометрикалык маалыматтарды чогултууда.
7. Аламедин базарынын имаратында биометрикалык маалыматтарды чогултуучу эки стационардык пункт иштөөдө. Иштөө убактысы: 9.00 дон 18.00го чейин шейшембиден ишемби күндөрүнө чейин.
8. Чүй проспектиси №42 дарегинде жайгашкан Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинини имаратында эки стационардык пункт биометрикалык маалыматтарды чогултууда. Иштөө убактысы: 9.00 дон 18.00го чейин шейшембиден ишемби күндөрүнө чейин.
9. Ошондой эле, Чүй проспектиси №28 дарегинде жайгашкан Свердлов райондук администрациясынын №116 кабинетинде биометрикалык маалыматтар чогултулууда. Иштөө убактысы: саат 9.00 дон 18.00го чейин дүйшөмбүдөн жума күндөрүнө чейин.

Райондук администрация баардык жашоочуларды биометрикалык маалыматтарын тапшырууга чакырат.