ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы прокуратура кызматкерлерин 90 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бүгүн, Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда прокуратура органдарынын түзүлгөн күнүнүн 90 жылдык салтанаттуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышты.

Өз сөзүндө калаа башчысы прокуратура органдарынын кызматкерлерине жана ардагерлерине бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалады.

“Албетте, сиздердин ишиңиздер өтө жоопкерчиликтүү. Мамлекетте прокуратура күчтүү болсо, мамлекет да күчтүү болот. Сиздердин ишиңердин аркасында гана Кыргызстан туруктуу, өнүккөн, укуктук жана демократиялык мамлекетке айланат деп ойлойм”- деп белгиледи калаа башчысы.

Мындан тышкары, ак ниеттүү, прокуратурага ак кызмат кылган кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланды. Ошондой эле, 200 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Иш-чара кыргыз эстрадасынын жана чыгармачылык жамааттын катышуусунда майрамдык концерт менен коштолду.