ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеке турак-жай куруу департаменти мыйзамсыз курууларды токтотуу боюнча иш-чараларды улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти шаардын Щербаков көчөсү №239 дарегинин жашоочулары тиешелүү документтерсиз, мыйзамсыз 16х3м өлчөмдөгү дубал куруп алган.

Аталган даректин ээсине Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан  11.07.14 жылдын №0247 “Табылган эреже бузууларды четтетүү жөнүндө” эскертүү берилип, 01.08.2014 жылдын №103/1А протокол түзүлгөн. Биринчи май райондук сотунун 14.08.2014 жылдын №АП-1401/14 токтому менен курулуш ээси Сарчалова Бурулга 10000 сом өлчөмүндө айып чегерилип, короону өз ыктыяры менен бузуу милдеттендирилген.

Азыркы учурда тосулган дубал алынып салынып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.