Бишкекте медициналык колледждин 85-жылдыгы белгиленди
- Подробности
- Опубликовано 18.11.2014 15:49
Бишкекте медициналык колледждин 85-жылдыгы белгиленди.
Салтанаттуу иш-чаранын ачылышында Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев катышып, аталган мекеменин жамаатын 85-жылдык мааракеси менен куттуктады.
Өз сөзүндө район башчысы саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрларды даярдоодо колледждин ролу зор экенин баса белгиледи.
“Калк сиздерден оорулардан айыгууну гана эмес, көңүл, жакшы мамилени жана чыдамкайлуулукту да талап кылат. Эң маанилүүсү, сиздер ар бириңиздер жоопкерчиликтүү болуп, ак кызмат кылышыңыздар маанилүү. Сиздердин кесибиңиздерге, кылган эмгегиңиздерге ыраазычылык билдирем жана жалпыңыздарга бекем ден соолук, бактылуулук жана бакубат жашоо каалайм!”, -деп белгиледи район башчысы.
Ошондой эле, үлгүлүү жана ак ниеттүү, аталган колледжге көп жылдан бери эмгектенген кызматкерлер Биринчи май райондук администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.10.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |