ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат жана шашки боюнча мелдеш өткөрүлдү

2014-жылдын 10-12 ноябрда угуусу жана көрүүсү начар балдар жана кыздар арасында шахмат жана шашки боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Аталган мелдеш шаардын XVI Спартакиадасынын алкагында Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун базасында өткөрүлдү.

Мелдештин жыйынтыгында шахмат оюну боюнча балдар арасында биринчи орунга –Курманбай уулу Замир, экинчи орунга – Эмил уулу Арген, үчүнчү орунга – Эмил уулу Арген. Ал эми кыздар арасында Рыспаева Айзада жеңишке ээ болду.

Ал эми, шашки боюнча балдар арасында биринчи орунду – Баркыжок уулу Дастан, экинчи орунду- Майрамбек уулу Улан, үчүнчү орунду-Айбашбек уулу Бактыбек багындырды. Кыздар арасында биринчиликти – Кейжебек кызы Айжан, экинчи орунду – Алтынай Кенжибек кызы, үчүнчү орунга Кубаева Жамиля ээ болду.

XVI Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлык берүү аземи 2014-жылдын 2-3-декабрда “Сейтек” республикалык балдар чыгармачылык борборунда өткөрүлөт.

Аталган мелдеш Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.