ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада футбол боюнча мелдеш аяктады

Бишкекте “Алга” футбол клубунун ардагери Нурлан Ниязалиевдин жаркын элесине арналган балдар арасындагы футбол мелдеши аяктады.

Мелдеш “Дордой” спорттук комплексинде 5-ноябрдан 9-ноябрга чейин өткөрүлдү.

Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду РСДЮСШОР футболдук клубу, экиняи орунга “Абдыш-Ата”, үчүнчү орунду “Дордой” футболдук клубу жана төртүнчү орунга СДЮШОР СИ ээ болду.

Бардык жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан  медаль,  диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Мелдеш ден соолукту чыңдоо жана спортчу Нурлан Ниязалиевдин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында өткөрүлдү.

Аталган иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурду.