ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Муниципиалдык аймактык башкармалыктар арасында өткөрүлгөн Спартакиада жыйынтыкталды

Бишкек шаарынын Муниципиалдык аймактык башкармалыктар арасында 7-ноябрда күзгү спартакиада өткөрүлдү.

Салтанаттуу ачылышта шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров жана райондук комитеттердин төрагалары катышты.

Спартакиада спорттун 5 түрү: волейбол, стол тенниси, дартс, жеңил атлетика, кичи-футбол боюнча өткөрүлдү.

Кичи-футбол мелдешинин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Ленин районунун командасы, экинчи орунду - Октябрь району жана үчүнчү орунду Свердлов районунун командалары багындырды.

Теннис мелдеши боюнча: биринчи орун- Биринчи май району, экинчи орун – Ленин районунункомандасы жана үчүнчү орунга Свердлов районунун командалары ээ болушту.

Дартс боюнча: биринчи орун – Ленин району, экинчи орун – Биринчи май району, үчүнчү орун – Свердлов районунун спортчулары ээ болушту.

Мырзалар арасында волейбол мелдеши боюнча: биринчи орун – Свердлов району, экинчи орун – Октябрь району, үчүнчү орунду – Биринчи май району багындырды.

Айымдар арасында: биринчи орун- Октябрь району, экинчи орун – Ленин району, үчүнчү орун – Биринчи май районунун командаларыээ болушту.

Жеңил атлетика мелдеши боюнча: биринчи орун – Свердлов району, экинчи орун – Октябрь району жана үчүнчү орун Биринчи май району.

Бардык жеңүүчүлөр, аталган мелдештин катышуучулары медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Спартакиада калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга чакыруу максатында өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.