ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн калаада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин күнү белгиленди. Аталган органдын кызматкерлерин Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замир Малабеков куттуктады.

Мыкты кызматкерлерди Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйлады.

Биринчи вице-мэр Замир Малабеков өз сөзүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлеринин иштери маанилүү экендигин белгиледи.

“Бардык шаардыктардын көйгөйлөрү дал ушул жергиликтүү башкармалыктан чечилет. Электр, жылуулук, газ, суу, транспорт кызматтары, кургак тиричилик таштандыларын чыгаруу, аймактарды көрктөгндүрүү жана жашылдандыруу иштери” – деп белгиледи биринчи вице-мэр.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин суроо жана жооп форматына өтүп, катышып жаткан адистер  кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.

Кезегинде биринчи вице-мэр жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.