ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Көңүл коштук жарышуу” акциясы өткөрүлдү

Калаада жыл сайын өткөрүлүп келген “Көңүл коштук жарышуу” автокараван-акциясы өткөрүлдү. Аталган акцияга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, майып балдар ата-энелеринин Ассоциациясы, Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын студент- волонтерлору жана автосүйүүчүлөр катышты.

Бул күнү бардык автосүйүүчүлөр Горький көчөсү менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде чогулуп, балдарды бал муздак, белектер жана аттракциондор күтүп турган Панфилов сейил багына чейин жеткиришти. Айдоочулар ар кандай жазуудагы барактарды чаптап, унааларын кооздошту.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова балдарынын укугу үчүн күрөшкөн ата-энелерге ыраазычылык билдирип, аларга жана балдарына бекем ден соолук каалады.

“Биринчиден, балдарынын укугу үчүн күрөшүп жаткан ата-энелерге ыраазычылык билдирем. Мен дайыма айтам,  мамлекет кандай болгон убакта дагы мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүүгө милдеттүү. Сиздер биринчи кезекте мамлекеттин колдоосуна муктажсыңар. Ал эми экинчиден, сиздерге, ата-энелериңиздерге чын ден соолук каалайм. Сиздерди жакшы түшүнөм, балдарды чоңойтуп өстүрүү жана аларга татыктуу билим берүү оңой иш эмес. Колубуздан келген жардамды берүүгө даярбыз” – деп белгиледи вице-мэр.

Акциянын башкы максаты- мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көйгөйлөрүн коомдун көңүлүн бурдуруу. Ошондой эле, майып балдарга кубанычтуу маанай тартуулоо.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара 6 жылдан бери өткөрүлүп келет.