ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча биринчилик өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 23-24-октябрда балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинде өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча биринчиликтин ачылышы өткөрүлөт. Аталган иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө.

Мелдештин негизги максаты оор атлетиканы жалпыга түшүндүрүү, спортчулардын спорттук чеберлерин көтөрүү болуп эсептелинет.

Бардык жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланмакчы.

Мелдештин катышуучулары арыздарын башкы судиялык коллегияга 2014-жылдын 22-октябрна чейин  берүүлөрү зарыл.