ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда диний маселелер боюнча лекциялар өткөрүлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрнан тартып Октябрь районунда жалпы билим берүү уюмдарында диний тармактагы мамлекеттик саясат жөнүндө лекциялар өткөрүлүүдө.

“Көк-Жар” жаңы конушунун №88 орто мектебинде “Жаштар арасындагы диний экстемизм” темасы боюнча жаштар арасында кезектеги лекция болуп өттү.

Аталган лекциялар Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын адистери, Кыргызстан мусулман башкармалыгы жана атайын мамлекеттик органдардын катышуусунда алып барылды.

Азыркы учурда Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясы жана №39 орто мектебинин имаратында жаштар арасында 2 лекция өткөрүлүп, октябрь айынын аягына чейин аталган лекциялар Эл аралык каржы жана бизнес академиялык башкармалыгында, №63 жана №3 орто мектептеринде өткөрүлөт.