ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы социалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 16-октябрда Мамлекеттик тарых музейинде Кыргызстан социалдык кызматкерлер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана райондордун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова социалдык коргоо жана профсоюз кызматынын ардактуу кызматкерлерин Ардак грамоталары менен сыйлады.

“Урматтуу Социалдык кызматкерлер! Мен да сиздердин тармагыңыздардан чыкканмын. Социалдык тармакта 20 жыл иштедим жана сиздердин ишиңиздердин кыйынчылыгын жакшы түшүнөм. Сиздер жардамга муктаждарга жардам берип, эң кайрымдуу иштерди жасап жатасыздар. Өзүмдүн жана мэриянын атынан сиздерге ыраазычылык билдирип, үйбүлөңүздөргө бакубат жашоо каалайм”-деп белгиледи вице-мэр.

Майрамдык иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин эстрада артистеринин, комузчулар жана шаардын бий жамаатынын коштоосунда майрамдык концерт тартууланды.