ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“7 дней” супермаркетинин жумушчулары шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан Свердлов районунун санитардык абалы текшерип, эреже бузууларын аныктады.

Рейддин жүрүшүндө, “Чыгыш-5” кичирайонунун Мамбетов көчөсү, № 6 дарегинде жайгашкан “7 дней” супермаркетинин аймагы санитардык нормалары көзөмөлдөнбөгөн. Аталган дүкөндөн жумучшулары ар кандай таштандыларды таштап, шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузган.

Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери “7 дней” супермаркетинин башкаруучусу Исмаилов Ф.А. атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов районунун административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.