ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Октябрь районунда санитардык абал көзөмөлдөнбөгөндүгүн маалымдайт

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан шаардын санитардык абалын текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Октябрь районунун 6 кичи району, Сухэ көчөсүндө жайгашкан  “Санет” рестораны, “Нур” унаа жуучу жайы жана “X-O”дүкөнүнүн жумушчулары тарабынан эреже бузуулар аныкталган. Жумушчулар кургак тиричилик таштандыларын баш аламандыкта жыйналган.

Жыйынтыгында, СЭИ кызматкерлери аталган объектилердин кожоюндарынын аттарына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь районунун административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.