ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 41 “Ырайымыз мамиле” синдрому катталган

Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин билдирүүсү боюнча 2014-жылдын 9 айында “ырайымсыз мамиле синдрому” менен Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын тез жардам медициналык кызматына 41 учур катталып, анын ичинен 22 балага стационардык дарылоо, 19 балага амбуляториялык жардам көрсөтүлдү.

Бишкек шаарынын Профилактикалык-дарылоо уюмдары тарабынан “үйбүлөдөгү зомбулуктан  социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” 1786 адамды камтыган сүйлөшүү өткөрүлдү. 39 радио маек өткөрүлүп, 900 нуска “Үйбүлөдөгү зомбулук жөнүндө” жана “Балдарды зомбулуктан коргоо” аталышта мамлекеттик жана расмий тилде маалыматтык-билим берүүчү материалдары даярдалган.

Шаардын профилактикалык-дарылоо уюмдарына 107 үйбүлөлүк зомбулук учуру катталган: эркектерге тиешелүү -12, аялдарга тиешелүү -95.  

Баардык жабырлануучуларга кризисттик борборлор жөнүндө маалыматтар берилип,  “үйбүлөдөгү зомбулуктан  социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамы туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жабыр тарткандардын күбөлүктөрү РИИБ жөнөтүлүп, 7 адам “Шанс” жана “Сезим” кризисттик борборуна сакайууга жиберилди. 23 жабырлануучуга акысыз медициналык жардамдар көрсөтүлдү.

“Ырайымсыз мамиле” синдромунан каза тапкандар жана кайрадан кайрылуулар  катталган жок.