ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мугалимдерге арналган эстелик тургузулат

Бүгүн, 2-октябрда Т.Сатылганов атындагы улуттук Филармонияда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарада Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов,  шаардык кеңештин депутаттары,  жергиликтүү өзүн башкаруунун өкүлдөрү, мугалимдик кесиптин ардагерлери, жаш мугалимдер, мектепке чейинки  мекемелери, билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов мугалимдердин эмгегине ыраазычылык билдирип, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодогу эмгектери баа жеткис, өлкөнүн келечеги мугалимдердин ишинен көз каранды экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы  мугалимдерге арналган эстелик тургузуу жөнүндө долбоорго  конкурс жарыяланып жатканы айтылды.

“Мен сиздердин бардыгыңыздарды долбоорго катышууга, сунуштарын берүүгө чакырам  жана мугалимдин да мугалими бар экендигин айткым келет”- деди калаа башчысы.

Иш-чарада 2014-жылдын   I  -этабында “Балдарга жүрөгүмдү арнайм” конкурсунун жыйынтыгында  “Мыкты мугалим”, “Мыкты жаш мугалим”, “Эң мыкты класс жетекчи”, “Мыкты тарбиячы” номинациялары.

Ал эми, II-этапта билим берүү уюмдарынын “Мыкты макамдагы мектеп”, “Мыкты жалпы билим берүү мектеби”, “Мыкты кабинет”, “Мыкты окуу кабинети”, “Мыкты балдар чыгармачылык борбору” сыйланды.

Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.