ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Борбордо спорттун шахмат түрү өнүктүрүлөт

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Дүйнөлүк шахмат олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн жана Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясынын президени Милан Турпановду кабыл алды.

1-августтан 15 августка чейин Тромсо шаарында өткөн  Дүйнөлүк шахмат олимпиадасында ойнотулган 11 турдун ичинен биздин курама  7 жеңиш менен кайткан. Жыйынтыгында Кыргызстан 34-орунду ээлеп, Латвия, Греция, Словакия, Словения, Исландия, Босния, Гергоцовина жана Бельгия ж.б. өлкөлөрдү артта калтырды. Оюндун биринчи тактайында Кыргыз Республикасынын Чемпиону Төлөгөн тегин Семетей  гроссмейтер нормасын аткарып, 11 мүмкүнчүлүктөн 8,5 упай топтоп Олимпиаданын эң алдыңкы 10 спортчунун катарын толуктады. Асылбек Абдыжапаров 11 дин ичинен 8 упай, Маматов Мелис 11 дин ичинен 7 упай топтоду. Мелдештин жыйынтыгы боюнча Асылбек Абдыжапаров эң мыкты 20 оюнчунун катарына кирди.

Шаар башчысы Кубанычбек Кулматов спортчулардын олимпиадада көрсөткөн жеңиштери менен куттуктап, ийгилик каалады жана калаабыз Бишкекте спорттун бул түрүн өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Шахматчылардын бул  жыйынтыктары  Кыргызстандын тарыхындагы эң мыкты көрсөткүчтөр эсептелди.