ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда мектеп спартакиадасынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 30-сентябрь 11.00до Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясынын актовый залында Свердлов районунун мектептеринде өтүлгөн,  2013-2014 окуу жылындагы мектеп спартакиадасынын жыйынтыктары аныкталды. Спартакиада спорттун  баскетбол, волейбол, стол тенниси, тогуз-коргоол, шахмат, жеңил атлетика, ордо түрлөрү өткөрүлгөн.

Өткөрүлгөн спартакиаданын жыйынтыгында биринчи орунга №5 Улуттук компьютердик гимназия жана №51 орто мектеби ал эми, экинчи орунга №65 экология-экономикалык лицейи жана  №23 окуу-тарбиялык комплекси,  үчүнчү орунга №11 жана №16 орто мектептери ээ болушту.

Жеңүүчүлөр ардак грамотасы, кубок, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Аталган мелдеште райондун 19 мектебинен баардыгы  350 адам катышкан.