Ленин райондук администрациясы карыларды куттуктады
- Подробности
- Опубликовано 30.09.2014 16:05
Бүгүн, 30-сентябрь Т.Сатылганов атындагы улуттук Филармонияда Эл аралык карылар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Ленин районунан 586 адам катышып, 50, 60 жыл бирге өмүр сүргөн алтан жана бриллиант тойлорун өткөргөн карылар, Улуу согуштун ардагерлери, Лелинград блокадасынын катышуучулары чакырылды. Андан тышкары, 145 жалгыз бой пенсионерге жана 90 жаштан ашкан 152 карыга материалдык жардам көрсөтүлдү.
Аталган иш-чараны өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 552,7 миң сом бөлүндү.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Ленин районунун социалдык фондунда 16791 пенсионер катталган.
2014-жылдын 1-сентябрда Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын тизмесинде 3937 пенсионер акчалай компенсация жана социалдык жардамдар, жеңилдетүүлөрдү алышууда. Ошондой эле, жеңилдетүү аз камсыздалган жана 90 жаштан ашкан карыларга берилүүдө.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |