ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук администрациясы Карылар күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурат

Т.Сатылганов атындагы улуттук Филармонияда 30-сентябрь саат 10.00до Карылар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Иш-чарага Ленин районунан 586 адам чакырылып, 50, 60 жыл бирге өмүр сүргөн алтан жана бриллиант тойлорун өткөргөн карылар, Улуу согуштун ардагерлери, Лелинград блокадасынын катышуучулары  чакырылды. Андан тышкары, 145 жалгыз бой пенсионерге жана 90 жаштан ашкан 152 карыга материалдык жардам көрсөтүлөт.

Аталган иш-чараны өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 552,7 миң сом бөлүндү.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Ленин районунун социалдык фондунда 16791 пенсионер катталган.

2014-жылдын 1-сентябрда Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын тизмесинде 3937 пенсионер акчалай компенсация жана социалдык жардамдар, жеңилдетүүлөрдү алышат. Ошондой эле, жеңилдетүү аз камсыздалган жана 90 жаштан ашкан карыларга берилет.