ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Бейпил өтмөк” шаарыбыздын көчөлөрүндө

5-октябрь Бишкек шаарында жыл сайын өтүлчү KGStreetFest “Бейпил өтмөк” фестивали өткөрүлөт. Аталган иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Шаарды өнүктүрүү агенствосу Бишкек шаарынын ИИБнын жол кайгуул кызматы менен биргеликте жыл сайын өткөрүлүүдө.

Эртең мененки 11 ден кечк исаат 6га чейин Киев көчөсү Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин жол кыймылы токтотулат. Аталган иш-чара Манас проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин уланмакчы. Келген ар бир конок иш-чаранын программа-картасын Киев көчөсүнүн Манас проспектиси жана Логвиненко көчөсүнүн кире бериш тарабынан ала алат.

KGStreetFest “Бейпил өтмөк” фестивалы конокторго оюн зоок жана оюн аянтчаларын тартуулайт. Ошондой эле, ар кандай көргөзмөлөр, сатып түгөтүүлөр жана тамактануучу жерлер орноштурулат. “Бейпил өтмөк” фестивали “Жашыл шаарды алдыга жылдыруу” чакыры менен активдүү жашоо образы  пропагандалат.

Фестивалдын коноктору ар кандай конкурстарга, спорттук мелдештерге, вокалга, музыкалык жана чыгармачылык мастер-класстарга активдүү катышып, көчө театр оюндарын көрүүгө болот. Ошондой эле, көргөзмө-жарманкелерге катышат жана шаардын жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды да алса болот.

Иш-чара өтүүчү аймак туура беш аянтка  бөлүнөт.  Спорт жана саламаттыкты сактоо, ARTчыгармачыл кварталы, музыка жана бий кварталы, жол кыймылынын эрежелери жана эко-кварталы.

Иш-чаранын негизги максаты жөө жүргүнчүлөрдүн укуктарын, , шаардын көчөлөрүндө жол кыймылынын коопсуздугун сактоону, жашыл шаар идеасын алдыга жылдырууну, шаарды таштандылардан арылтуу, экологияны коргоо максатында өткөрүлөт.

Азыркы учурда фестивалга карата уюштуруучулардын  даярдык иштери жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, 2012-жылы “Бейпил өтмөк” биринчи жолу Бишкекте Япон агенствосунун эл аралык кызматташуусу жана JCA изилдөө тобу менен бирге өткөрүлгөн. Фестивалга болжол менен 15 миң шаар тургундары жана коноктор  катышып, кийинки жылы болжол менен 30миңдей адам катышкан.