ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаардык драм театрнын 21-театралдык мезгилин “Сфорцандо” спектакли менен ачылат

Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драм театрынын  25-26- сентябрда 21- театралдык сезону ачылат. Шаардык көрүүчүлөргө белгилүү француз драматург Жан Ануянын «Оркестр» чыгармасынын негизиндеги “Сфорцандо” спектакли көрсөтүлөт.

Спектаклге Бишкек шаардык театрдын бардык артистери катышат. Россиялык режиссер Татьяна Захарованын айтымында “көрсөтүүлөр менен жаш артистердин ортосунда айырмачылык деле жок. Ар бир актер өзү каалагандай образ жаратат”.

Жаңы спектаклдын үстүнөн Юлдаш Нурматов иштеп чыгып, каармандардын кийимин Зухра Мукамбетова ал эми музыкалык берүүсүн Елена Мягкова даярдаган.

Спектаклди россиялык режиссер Татьяна Захарова коймокчу.

Пьесанын мазмуну 20-кылымдагы Европадагы согуштук жылдардан кийинки абалды чагылдырат. Пьесанын каарманы Жан Ануя –аркестр музыканты, кафе-санаториясынын эстрада аткаруучусу. Кандуу согушту башынан кечирип, башынан өткөн трагедиялык тагдырды бул чыгармада баяндап берет.