ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын 25 жылдыгына арналган шаардык салтанат өткөрүлдү

Бүгүн, 22-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филормонияда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын 25 жылдыгына арналган шаардык салтанат өткөрүлдү.  Бул иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышты.

Салтанаттуу аземге Бишкек шаарынын мэри К. Кулматов куттуктоо сөз сүйлөп, Бишкекте мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында алгылыктуу бир катар иштер аткарылып, бардык иш кагаздар эки тилде жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Аталган иш-чараны  эстрада жылдыздарынын жана балдар чыгармачылык жамаатынын концерттик программасы менен коштолду.