ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ала-Тоо жаңы конушунун тургуну суу түтүк тармагынын коргоо аймагынын эсебинен өзүнүн жер тилкесин кеңейтип алган

Жеке турак-жай куруу департаментинин кызматкерлеринин кезектеги рейддин  жүрүшүндө мыйзамсыз дубал орнотуу фактысын аныктаган.

Ала-Тоо жаңы конушу Улук-Тоо көчөсү, №67 дарегинин жашоочусу  Буудайчиев Жантай айланасын дубал менен тосуп, темир дарбаза орнотуп алган.  Андан тышкары суу түтүк тармагынын коргоо аймагынын эсебинен 4 метрге кеңейткен.
Эреже бузуучунун атына “Көрсөтүлгөн эрежелерден четтетүү жөнүндө” административдик протокол түзүлүп, Бишкек шаарынын  Ленин райондук сотуна жиберилген.
2014-жылдын 16-июлду шаардык сот Буудайчиевге 10 миң сом  айып салып, мыйзамсыз куруу иштерин өз ыктыяры менен алып салууну буйруган.
Ала-Тоо жаңы конушунун тургуну сотун чечимин үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында гана аткарган.