ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарында “Өзүңдүн кан басымыңды билип ал” аттуу акция өткөрүлөт

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан 2014-жылдын 22-сентябрнан 26-сентябрна чейин “Өзүңдүн кан басымыңды билип ал” аттуу маалыматтык-билим берүү акциясы өткөрүлөт.

Бул акция “Дүйнөлүк жүрөк күнүнө” карата жыл сайын 25-сентябрда белгиленип турат.

Калкты жүрөк-кан тамыр оорулары, гипертония оорусунун келип чыгышы жана кан басымдын жогорулашынын себептерин жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу максатында өткөрүлмөкчү.

Бул күндөрү Бишкек шаарынын бардык ооруканаларында “Ачык эшик күнү” уюштурулуп, соода борборлорунда жана соода маркеттеринде элдин  кан басымы текшерилет.

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо борбору Үйбүлөө медициналык борборлорун керектүү маалыматтык-илимий  материалдар жана тонометр менен камсыздайт.