ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарында жолдорго веложолдор түшүрүлөт

Бүгүн, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Токтогул көчөсүнө веложол орнотуу тууралуу көчмө жыйын өткөрдү.

Корея жана Швеция сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө велосипед жүргүнчүлөрү үчүн атайын веложолдор тротуарларга биригип салынган. Ушул мисалдын негизинде жергиликтүү бийлик веложолдорду курууну чечти. Мындай чечим велосүйүүчүлөрдүн коопсуздугун коргойт.

Азыркы учурда Токтогул көчөсүндө тротуарлардын катмарын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоор боюнча тротуардын туурасы веложолду камтууга туура келет.

Андан тышкары, жыйындын негизинде шаар башчысы “Жашылдандыруу” муниципиалдык ишканасына ноябрь айына чейин, жолдордун узунуна жандуу тосмолорду отургузууну тапшырды.

Шаар мэриясы келечекте Токтогул көчөсүнүн веложолдорун үлгү катары көрсөтүүнү пландоодо.