ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Коомдук транспорттордо жеңилдик алган жүргүнчүлөргө айдоочулар кызмат кылуудан баш тартышууда

Коомдук транспорттун кээ бир айдоочулары, коомдук транспорттордо жүрүүдө жеңилдик алган жүргүнчүлөргө кызмат кылуудан баш тартууда. Анткени, жүргүнчүлөрдүн өздүк карточкалары жыртылып, маалыматтар окулбай калган. Өзгөчө кызыл түстөгү карточкалардын эскилиги жеткен.

“Өздүк маалыматтар окулбай калган карточкаларды сөзсүз алмаштыруу керек. Кандай өң экенинин айырмасы жок. Эгерде, карточкалар эски үлгүдө болуп, бирок жакшы абалда болсо, алмаштыруунун кажети жок. Ар кимдин каалоосуна жараша”. -дейт Бишкек коомдук транспорт мекемесинин башчысынын орун басары Мадина Сейитказиева.

Бишкек коомдук транспорт мекемеси жана Бишкек троллейбус башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, коомдук транспортто акысыз жүрүүдөгү карточкалар көк түстөгү голограмма жана мөөрү менен болуусу абзел.

Жеңилдетүү карточкаларын алмаштырууну каалагандар Москва көчөсү, 237 Фучика көчөсүнүн кесилишинедеги контролдук каттоо бөлүмүнө, шаршемби жана бейшемби күндөрү саат 8.00дон 17.00 гө чейин кайрылышса болот.