ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын санитардык талаптарынын бузулушун маалымдайт

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги санитардык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө шаардын Анкара (Горький) жана Чолпон-Ата көчөлөрүндө жайгашкан “Восток дело тонкое” кафеси жана “Боорсок” дүкөндөрүнүн жумушчулары тарабынан эреже бузуулар катталган.

Жумушчулар тарабынан кургак чөптөр өрттөлүп, бак-дарактарга жана башка өсүмдүктөргө зыян тийгизген. Кургак жана курулуш таштандылары баш аламандыкта жыйналгандыктан таштанды чогултуучу жайга айланып калган.

Кафенин жана дүкөндүн кожоюндарынын аттарына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.