ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кырчын жайлоосуна Бишкек мэриясы тарабынан 17 бозүй тигилди

1-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун көпчүлүк спорттук иш чаралары өтө турган Чолпон-Ата шаарынын Кырчын жайлоосуна Бишкек мэриясы 17 бозүй тикти.

Анын 5и коноктор үчүн, 7өө композициялык жана 5өө көргөзмө үчүн тигилди.
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов маданий иш-чарага болгон даярдыктар менен таанышып чыкты.
Эскерте кетсек, Бишкек мэриясы тарабынан тигилген бозүйлөр өзүнүн нукуралыгы жана байыркылыгы менен айырмаланып турат. Алардын айрымдары 18-19-кылымдарга таандык.