ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарында Түрк дүйнөсүнүн инженерия, архитектура жана шаар куруу боюнча VI курултайы өтүүдө

Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Түрк дүйнөсүнүн инженерия, архитектура жана шаар куруу боюнча VI курултайынын ачылышы болуп өттү. Бул иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышты.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, келген конокторго ийгилик каалады.

“Бардык өлкөлөрдө курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан кези, жаңы курулуш материалдар, курулуш техникалары ар бир курулуш иштеринде колдонулууда. Биз курултайды өткөрүү менен билимди, тажрыйбаны байытабыз деген ишеничтемин. Ошондой эле, бир нече күнгө созулган курултайда Кыргыз мамлекетинин тарыхын, маданиятын жакындан таанууга мүмкүнчүлүк түзөт деген үмүттөмүн”.

Андан тышкары, Бишкек шаарынын 2040-жылга чейинки өнүгүү моделинин долбоор-концепциясы конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды. Конкурстун жыйынтыгы менен Сергей Рысбеков жетектеген архитекторлор тарабынан иштелип чыккан долбоор жеңип, экинчи, үчүнчү орундарды Түркия архитекторлору багындырды. Ошондой эле, кыргызстандык эки архитекторго жана Туркиялык үч архитекторго атайын дем бере турган байгелер тапшырылды.

Курултайдын негизинде Бишкек жана Трабзон шаарылары арасында туугандык байланыш жөнүндө Протокол түзүлдү.